• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын облусунун Бугучу айылында мектептин курулуш иштери 80%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Нарын облусундагы Кочкор районунун Бугучу айылындагы мектептин курулуш иштери 80%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички, тышкы жасалгоо жумуштары жана аймагын көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, аталган обьектинин курулушу Сауд Өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарынын эсебинен өткөн жылдын октябрь айында башталган. Объектинин долбоордук кубаттуулугу 150 окуучулук орунга негизделген. Ал эми мектептин курулушун жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий