• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунун Бугучу айылында мектептин курулушу 85%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунун Бугучу айылындагы 150 окуучулук орунга эсептелген мектептин курулуш иштери 85%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, подряддык уюм тарабынан имараттын тышкы фасадынын жасалгоо жумуштары аяктоодо. Учурда ички жасалгалоо иштери, электр жумуштары, сырткы суу түтүктѳрүн төшөө жана аймакты абаттоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, аталган объекттин курулушуна Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарынын эсебинен 493 324 АКШ доллары каржыланды.

Мектептин курулушун быйыл жазда бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий