• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын облусунун Бугучу айылында мектептин курулушунун даярдыгы 55%ды түзөт

Аймак 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунун Бугучу айылындагы мектептин курулуш иштеринин даярдыгы 55%ды түзөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан кирпич дубалынын курулушу жана экинчи кабаттын плита менен жабуу иштери бүткөрүлгөн.

Учурда жыгач конструкциялардын оюктары курулууда, ошондой эле имараттын ичиндеги электрдик зымдарды орнотуу иштери аяктоодо.

Эскерте кетсек, аталган обьектинин курулушу Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен өткөн жылдын октябрь айында башталган. Объектинин долбоордук кубаттуулугу 150 окуучулук орунга негизделген.

Пикир

Оставить комментарий