• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунун Бугучу айылындагы мектептин курулушу аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунун Бугучу айылындагы 150 окуучуга эсептелген жаңы мектептин курулуш иштери аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигининин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин координациялык тобунун башкы инженери Токон Сатышев билдирди

Анын айтымында, мектептин курулушу 99 пайызга бүткөрүлдү.

Сатышев белгилегендей, бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан бардык курулуш-монтаждоо иштери бүткѳрүлүп, учурда мектептин ашканасынын жана окуу жабдуулары орнотуу жана аймакты жашылдандыруу иштери жүрүүдѳ. Мектеп 2021-жылдын май айынын аягына чейин пайдаланууга берилет.

Эскерте кетсек, мектептин курулушу өткөн жылдын январь айында Сауд өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынан башталган. Анын сметалык баасы 690 063 АКШ долларын түзүп, фонд тарабынан 493 324 АКШ доллары каржыланган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары болот.

Пикир

Оставить комментарий