• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын облусунун медициналык мекемелерине 9 автоунаа берилди

Аймак 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Дүйнөлүк банктын “Ковид-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында өлкөнүн медициналык мекемелерине берилген 69 санитардык автоунаанын тогузу Нарын облусуна бөлүндү. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-апрелде автоунаалар Нарын облусундагы ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна тапшырылып берилди.

Унааларды тапшыруу иш-чарасында облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев өлкө башчысы тарабынан жыл башынан бери саламаттыкты сактоо тармагына озгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, берилген дөөтүлөр акжолтогй болуусун тилек кылды. Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерине ийгилик каалады.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башчысы Чыңгыз Нарынбеков буга чейин медицина тармагында унаалардын жетишсиздиги жана эскилиги калкты тейлөөдө негизги көйгөйлөрдөн болуп келсе, бүгүн минтип 9 унаа берилгенине ыраазычылык билдирди.

Келген автоунаалардан Ак-Талаа районуна 2, Жумгал районуна 1, Кочкор районуна 2, Ат-Башы районуна 2, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына 1, СПИД борборуна 1 автоунаа берилди.

Пикир

Оставить комментарий