• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин Нарын облусунун аймагында Майыптыгы барларды коргоонун эл аралык күнүнө карата майыптыгы бар адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам берүү боюнча бир айлыкта Нарын облустук ички иштер органдары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу майыптыгы бар адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кайрымдуулук жана ар кандай материалдык, моралдык колдоолор көрсөтүлүүдө.

Нарын облусунун шаар-райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жалпы 20 үй-бүлөгө акчалай жардам, азык-түлүк, кышкы жылуу кийимдер түрүндөгү материалдык жана гуманитардык жардамдарды беришти.

Мындан сырткары, Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте Жумгал районунун аймагындагы жалпы 63 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга түшкү тамактануу уюштурулуп, келе албаган адамдарга үйүнө азык-түлүк, таттуулар жеткирилди.

Мындай саамалык жыл сайын Нарын ОИИБи тарабынан уюштурулуп, өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий