• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Нарын облусунун Райондор аралык сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетилди

Кадр саясаты 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Эрматов Джапар Асынбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий