• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонду ишке кирип, алгачкы каражат түштү

Аймак 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонду ишке кирип, алгачкы каражат түштү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 18-июнунда иш сапарында Нарын облусун өнүктүрүү фондуна мындан ары жыл сайын болжолдуу 500 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты которулуп тураары айтылган.

"КР министрлер кабинетинин “Аймактарды өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду кайрадан каттоодон өтүп, фонддун жобосу жана 9 адамдан турган Байкоочу кеңешинин курамы бекитилди. Ошондой эле фонддун дирекциясы түзүлүп, аткаруучу директору дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

КР министрлер кабинетинин №237 тескемеси менен Нарын облусун өнүктүрүү фондуна 12 миллион сом которулду.

Нарын обусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин 19-ноябрда өткөн биринчи отурумунда фонддун дирекциясынын штаттык түзүмү жана чыгымдар сметасы бекитилди.

Отурумга катышкан КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев бул чоң ишти жүзөгө ашырган КР президентине терең ыраазычылык билдирди.

Фонддун жобосуна ылайык, түшкөн каражаттын 20 пайызы социалдык долбоорлорго, 50 пайызы киреше алып келе турган экономикалык долбоорлорго, 30 пайызы жеңилдетилген насыяларга жумшалмакчы.

Пикир

Оставить комментарий