• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нарын ОИИБ: Ат-Башыдагы жол кырсыгынан каза болгон адам милиция кызматкери болгон

Кырсык 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Ат-Башыдагы жол кырсыгынан улам милиция кызматкери каза болгон, - деп билдирет Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-февралда саат 10:15тер чамасында Ат-Башы РИИБнүн кызматкери М.Т. Ат-Башы районунун Ак-Жар айылына караштуу "Ак-Кокту" участкасынан жол кырсыгы тууралуу уюлдук телефон аркылуу Ат-Башы РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшкөн.

Аталган билдирүү Ат-Башы РИИБү тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда Бишкек-Торугарт автожолунун Ак-Кокту участкасынан Ат-Башы РИИБнүн кызматкери 1982-жылы туулган М.А. өзүнө тиешелүү "Ауди-С4" үлгүсүндөгү автоунаа менен чыгыштан батышты карай башкарып бара жаткан кезде карама-каршы тилкеде жогорку ылдамдыкта келе жаткан "Тойота-Ипсун" үлгүсүндөгү автоунаасы "Ауди С4" келип сүзгөн.

Натыйжада "Тойота-Ипсун"автоунаасын айдоочусу Т.А. окуя болгон жерден каза болгон, ал эми экинчи унаанын айдоочусу, Ат-Башы РИИБнүн кызматкери М.А. Ат-Башы райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жаракатынан улам каза болгон.

Жол кырсыгынын натыйжасында дагы үч жаран жабыркап, Ат-Башы райондук ооруканасынын жаткырылган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, "Тойота-Ипсун" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кырсыктык келип чыгуусуна себепкер болгон.

Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий