• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын ОИИБнин кызматкерлери иш-кагаздарды кыргыз тилинде туура жазууну үйрөнүштү

Аймак 0

Бишкек, 13.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Нарын облустук ИИБде иш-кагаздарды мамлекеттик тилде туура жазуу боюнча сабак өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Оторов билдирди.

Анын айтымына караганда, иш чара КРнын Ички иштер органдарында жүргүзүлгөн иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жана сапаттуу жазууга үйрөтүү максатында өткөрүлдү.

“Бүгүн, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында башкармалыктын жана Нарын ОИИБнин патрулдук милициясынын өздүк курамына Нарын шаарынын В.П.Чкалов атындагы гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалими Айгүл Акунова кыргыз тилинин грамматикасы, орфографиясы жана иш кагаздарда колдонулуучу эрежелери жөнүндө сабак өттү. Ага Нарын ОИИБнин башчысынын орун басары, милициянын полковниги М.Турпанбаев катышты. Айгүл Акуновага кызматкерлер тарабынан кыргыз тили боюнча суроолор берилип,тиешелүү жооптор алынды”,-деп билдирди Оторов.

Пикир

Оставить комментарий