• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын ОИИБси: Кочкордо окуучулар арасында алдын алуу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкее, 08.12.21. /Кабар/. Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте район аймагында жайгашкан орто мектептерге барып, окуучулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда жогорку класстын окуучулары катышып, жашы жете электер арасында кылмыштуулук, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту болтурбоо алдын алуу жана көйгөй жаратып жаткан маселелер боюнча ачык-айкын сүйлөшүүлөр болду.

"Азыркы учурда ата-энелердин милдеттери унутулуп, мектеп мугалимдери менен байланышы жок болгондугу баса белгиленди. Ошондой эле тиешелүү кызматкерлер менен ички жана тышкы мигранттардын балдардын аныктоо максатында үймө-үй кыдыруулар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, ата-энелердин катышуусунда кечки рейддер уюштурулуп, бирдиктүү иш алып баруу жагы пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий