• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын ОИИБсинде өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата онлайн кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Нарын облустук ички иштер башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп, ага Нарын облустук милициясынын башчысы Алмазбек Жумабеков жана орун басарлары, башкармалыктын тармактык кызмат жетекчилери, Нарын ШРИИБнүн башчылары, орун басарлары жана тармактык кызмат жетекчилери катышты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кеңешменин негизги темасы катары КР ИИМ башчысы койгон талаптарды так аткаруу, облус аймагында жалпы кылмыштуулук, жол кырсыктарынын алдын алуу, 7 ай аралыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы жана 9 айды ийгиликтүү жабуу, алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын
эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана окуу жылынын башталышына карата өздүк курамды даярдоо үчүн саптык кароо өткөрүү максатында шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнө тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу жана үйлөрүнөн белгисиз себептерден чыгып кетип дайынсыз болуп жаткандыгынын себептерин аныктоо, күз келип малдар тоодон түшүп жаткандыгына байланыштуу жол кырсыктарынын алдын алуу, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү жагы каралды.

Пикир

Оставить комментарий