• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын патрулдук милициясы айдоочуларга эскертет

Коом 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Нарын облустук патрулдук милициясы тоолуу авто жолдордогу кырдаал тууралуу айдоочуларга эскертет. Бул тууралуу Нарын обулсунун ИИБинин Патрулдук милиция бөлүмү билдирет.

Белгиленгендей, тоолуу аймактарда жааган жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Казарман-Актал-Чат (Кара-Көө ашуусу жана Ийри-Суу тилкеси) унаа жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт (Долон ашуусу) трассасында, ошондой эле Арал-Миң-Куш унаа жолунда кар көчкүсү жана күрткүсү күтүлөт. Жолдордо муз тоңуп, тайгак болот.

“Жарандарыбыздын коопсуздугун жана ден соолугун сактоо, өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө, кырсыктарды алдын алуу максатында Нарын облустук ИИБ Патрулдук милициясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кар көчкү түшүү коркунучу бар жол тилкелеринен жүрүүдө унаалардын арасындагы 500 метр аралыкты сактоо керек. Алыс жолго чыгууда унаа каражаттарынын техникалык абалын текшерип, коопсуздук каражаттарын даярдап, дайыма алып жүрүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий