• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын райондук имамы окуучуларды интернетти туура колдонууга үндөдү

Аймак 0

Бишкек, 12.01.18 /Кабар/. Кечээ, 11-январь бейшемби күнү Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев жана орун басары Фасихиддин Халимов Орто-Нура айылынын орто мектебинде жогорку классынын окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттин билдиришти

Маалымдалгандай, мектеп окуучуларын китеп окууга, керексиз массалык маалымат каражаттарынан алыс болууга жана интернетти туура колдонууга үндөдү. Муну менен катар дин кызматкерлери канткенде аптасына 1 китеп окуп бүтүрсө болоорун үйрөтүп, тажрыйба бөлүшүштү. Андан соң ата-энелер менен чогулуш болуп, баланы туура тарбиялоо жана ата-эненин ичкиликтен оолак болуусу туурасында лекция өтүлдү.

Эскерте кетсек, Нарын райондук хатибияты көп жылдан бери райондун орто мектептери менен тыгыз иштешип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий