• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын райондук милициясы дайынсыз жоголгон Таалайбек кызы Гүлсүнгө издөө салат

Аймак 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Нарын райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз болуп жаткан Таалайбек кызы Гүлсүнгө издөө салат. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын районуна караштуу 8-Март айылынын 27 жаштагы тургуну Таалайбек кызы Гүлсүн 2017-жылдын 7-июль күнү Бишкек шаарына кеткен боюнча дайынсыз болууда.

“Бою болжол менен 165-170 см, чачы кара узун, өңү ак жумал, көзү күрөң. Көргөн-билгендер болсо Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлап коюуңуздарды сурайбыз. Байланыш телефондору (03522) 5-16-51, 0500010004”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий