• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын районунда 2 миң гектардан ашык жер айдалды – аким

Аймак 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Нарын районунда 2 миң гектардан ашык жер айдалды. Бул тууралуу Нарын районунун акими Семетей Черикбаев билдирди.

"Нарын районунда жалпы 4 миң 968 гектар жер айдалат. Анын 2 миң гектардан ашык жери айдалды. Жазгы талаа иштери былтыркы жылга караганда 10-15 күн эрте башталды. Районго 226 тонна буудай керек болсо, 1 миң 112 тонна арпанын үрөнү керек. Учурда дыйкандар арпа, буудай менен толук камсыз болду. Азыр үрөнү жок деген жаран жок. Ошондой эле райондо 20 тонна арпаны 18-20 сомдон, 10 тонна буудайды 28-32 сомдон сатып жатабыз", - дейт ал.

Черикбаев маалымдагандай, райондо жалпы 388 трактор кызмат кыла турган болсо, анын 80%ы иштеп жатат. Аны менен бирге, 307,7 тонна күйүүчү май 15 айыл өкмөткө жеткирилип берилди.

Аким кошумчалагандай, Нарын районунда жалпы 17 пост иштеп жатат.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий