• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Нарын районунда 4 миң 801 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Нарын районунда 4 миң 801 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Нарын районунун акими Семетей Черикбаев билдирди.

Анын айтымында, күнүмдүк иштеп, оокат тапкандарга да жардам берилүүдө.

"Нарын районунда социалдык паспорт толтурган 3 миң 920 үй-бүлөнүн ичинен 1 миң 143ү өтө жакыр үй-бүлө, 2 миң 777си жакыр үй-бүлөгө кирет. Андан сырткары, "1227" номерине 881 адам кайрылган. Ошондо жалпы аярлуу катмар менен кайрылган адамдарды кошкондо 4 миң 801 үй-бүлө болгон. Алар мамлекеттик материалдык резервдин ундарын жана жеке ишкерлер, демөөрчүлөр тарабынан берилген жардамды толук алышты", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий