• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын районунда сел жүрдү - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Нарын районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ Нарын облусунун Нарын районунда жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген жаан суулары Нурбай-Булуң тилкесинде жайгашкан Нурбай-Булуң каналына батпай Шүкүрбек көчөсүндө жайгашкан 2 турак үйдүн короолорун жана 250 метр ички чарбалык жолду каптаган.

Жерине Нарын райондук №16 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылып, каптарга кум толтуруп каналдын жээгин бекемдеп жана арыктардын ичин кум шагылдан тазалашкан. Ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору туруксуз аба ырайы тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан.

Пикир

Оставить комментарий