• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын районунда "Селсаяк" операциясы өткөрүлүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагында турмуштун оор шартында жашап жаткан жана туруктуу жашаган жери жок жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында "Селсаяк" аталыштагы алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомчулук, диний өкүлдөрүнүн катышуучусу менен жыйын өткөрүлдү.

Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйында жаш өспүрүмдөрдүн кароосуз калуусун, көчөгө тилемчи болуп чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө багытталган көйгөйлөр козголуп, ар кандай сунуш-пикирлер талкууга алынды.

Мындан тышкары, мигрант жарандардын балдарынын камкорчулары менен маектешүү жүрүп, үй-бүлөдө болгон зордук-зомбулуктун кесепетинен азыркы учурда жаш өспүрүмдөр үйдөн качып, кайырчылык кылып, өзүн-өзү өлтүрүү, уурулук жана башка укук бузууларга барып жаткан фактылар боюнча түшүндүрмө берилип, социалдык видеороликтер көрсөтүлдү.

Нарын районунун аймагында кароосуз калган жаш өспүрүмдөр аныкталган жок.

Пикир

Оставить комментарий