• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын районунда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча тегерек стол өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Нарын районунун Жерге-Тал айылында жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусу менен тегерек стол өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда эң көйгөйлүү маселе үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук болуп жаткандыктан окуучуларга бул тема боюнча кененирээк түшүндүрмө берилип, атайын даярдалган видео роликтер көрсөтүлдү.

Иш-чарага катышкан ата-энелерге жаш өспүрүмдөрдүн эрте никеге туруусу тууралуу кеп-кеңештер айтылып, жоопкерчиликтери милдеттери эскертилди.

Ошондой кылмыш кырсыктар, жалпы эле кылмыштуулук боюнча маалымат берилип, окуучулардын бош убактыларын туура пайдаланууга спорттук иш-чараларга активдүү катышууга үндөп, окууларына көңүл буруусу, кечкисин көчөгө максатсыз чыкпоо жагы жана ата-энелерге балдарга көзөмөлдү күчөтүү керек экендигин баса белгилеп айтышты.

Мындан тышкары райондун бардык айыл аймактарында жер-жерлерде милиция кызматкерлери 2020-жыл ичинде аткарылган иштери тууралуу маалымат беришип, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий