• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын районунун аймагында алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Нарын районунун аймагында алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан жугуштуу илдеттин алдын алуу, калк арасында жайылып кетүүсүнө жол бербөө, үй карантинин талаптарын, шарттарын туура аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү саламаттык сактоо кызматкерлери менен биргеликте атайын графиктин негизинде иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле санитардык мобилдик топтор да өз ишин тынымсыз улантып, жарандар арасында санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана жеке гигиенаны так сактоосу боюнча Нарын районунун аймагында жайгашкан айылдарды кыдырып түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Нарын РИИБнин кызматкерлери, айыл өкмөт кызматкерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери менен биргеликте алдын алуу иштерин жүргүзүү менен түзүлгөн топ дүкөндөрдү, эл көп чогулган жерлерди, мечиттерди, ички каттамда эл ташыган таксисттерди жана жүргүнчүлөрдү тазалыкты сактоого чакырып жеринде профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий