• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын районунун аймагында кароосуз калган өспүрүмдөр аныкталган жок

Аймак 0

Бишкек, 20.03.21. /Кабар/. Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Кароосуз калган" аталышындагы алдын алуу иш-чарасынын алкагында Нарын районунун Өрнөк айылындагы мал базарда коомдук коопсуздукту сактоо менен мал базарга ата-энеси менен мал сатып келген жаш өспүрүмдөргө профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, эл арасында үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жана жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун жазалышын алдын алуу, интернеттин өспүрүмдөргө залал тийгизүүсүнөн кантип коргонуу тууралуу атайын китепчелер таратылды.

Мындан сырткары, мал базарга майда соода-сатык кылган адамдарга спирт ичимдиктерин, тамеки заттарын жаш өспүрүмдөргө сатылган учурларда бузуу кодексинин тийиштүү беренелери менен айып пул салынаары эскертилди.

Эскерте кетсек, Нарын районунун аймагында кароосуз калган жаш өспүрүмдөр аныкталган жок.

Пикир

Оставить комментарий