• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын районунун аймагында “Өспүрүм түн” операциясы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Нарын районунун аймагында “Өспүрүм түн” операциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, балдардын ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу багытында атайын буйруктардын талаптарын аткаруу максатында Нарын районунун аймагында жайгашкан айылдардын көчөлөрү текшерилген.

"Кечкисин көчөдө жүргөн эки өспүрүм аныкталып, милиция өспүрүмдөрдү каттоо журналына каттап, ата-энесине өткөрүлүп берген. Түнкү убакта топтошуп мушташуу, жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тарабынан жасалган кылмыштарды алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, кризистик жашоо шартына кабылган балдарды жана ата-энеси миграцияда жүргөн кароосуз калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында үймө-үй кыдыруулар уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Жашоо шарты начар үй-бүлөргө Нарын РИИБнүн жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун демилгеси менен азык-түлүк жагынан жардам берилди.

Ошондой эле райондун аймагында сууга чөгүү фактысы орун алып жаткандыгына байланыштуу жаш өспүрүмдөргө жана ата-энелерге жайкы каникул убагы болгондуктан көзөмөлдү күчөтүүнү, сууга чөгүү фактыларын жана жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерге беткап тагынып, өздүк гигиенасын туура сактоо жөнүндө тынымсыз иштер жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий