• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын районунун Кеңеш айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Жаңы жылды утурлай Нарын районунун Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чаранын алкагында мектепке ысымы ыйгарылган улуу инсан Казаалы Абировдун айкели ачылды.

Белгилей кетсек, аталган орто мектептин 1971-жылы ашар жолу менен курулган мурдагы имараты авариялык абалда болгондуктан көптөгөн кайрылуулардын негизинде 2019-жылы республикалык бюджеттен 57 миллион 937 миң сом бөлүнүп берилген. Натыйжада эки кабаттуу, 150 орундуу, бардык шарты бар заманбап мектеп имараты курулду.

Курулуш ишин "ЭМГ - СТРОЙ" курулуш ишканасы жүргүздү.

Учурда аталган орто мектепте 172 окуучу билим алып, 22 мугалим эмгектенет.

Билим уясынын ачылыш аземине катышкан КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев айыл тургундарын куттуктап, ачылып жаткан имарат акжолтой болуусун тилек кылды.

"Билим уясынан келечектин билимдүү, ыймандуу, дили таза, жан дүйнөсү бай, дүнүйөкор эмес, мыкты инсандар тарбияланып чыгуусун каалайм. Мектептин жашылдандыруу жумуштарын бүтүрүүгө жергиликтүү бийлик көзөмөлдүк кылат, бул боюнча коомчулуктагы элди дүрбөткөн пикирлер туура эмес, курулуш компаниясына эл-журттун атынан терең ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Ачылыш аземде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадумаров, Нарын облустук билим берүү округунун башчысы Касымбек Мамытов, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Авас Бектемиров, айылдык кеңештин төрагасы Султан Тилеков жана айыл аксакалдары каалоо-тилектерин билдиришти.

Иш-чара мектеп окуучуларынын концерттик программасы менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий