• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын районунун жарандарына акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. 28-июнда “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Нарын районундагы Орто-Саз, Чет-Нура, Ийри-Суу, Орто-Нура, Ак-Булун, Ак-Кыя, Төш-Булак, Учкун жана Куланак айылдарынын жашоочуларына 100 акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу айыл өкмөтүнүн базасында өткөрүлдү.

Жергиликтүү тургундар негизинен мүлктү мурастоо, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу жана башка маселелер менен кайрылышты.

29-июнда “Тилектештик автобусунун” адистеринин калк менен жолугушуусу түшкө чейин Нарын облусунун Нарын районунун 8-Март айылында, ал эми түштөн кийин - Ак-Талаа айылында М. Осмонов жана Ж. Мамбетов атындагы орто мектептердин базасында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий