• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын: Регионалдык инвестициялык Кеңештин 12-отуруму өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Кечээ, 22-майда Жумгал районуна караштуу Чаек айылында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу Регионалдык инвестициялык Кеңештин (РИК) 12-отуруму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирет.

РИКтин отурумун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жетектеди. Жыйында Нарын облусунун экономикалык өнүгүүсүнүн негизги инвестициялык жагымдуу шарттарын жана ишкердик жагдайларын жакшыртуу, Нарын облусунун туристтик тармагынын мүмкүнчүлүктөрү жана өнүгүүнүн тоскоолдуктары жөнүндө маалыматтар айтылды.

Облус башчы сөз башында инвесторлорду тартуу жана Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонду, банктар менен иштешүүнүн жыйынтыктарына токтолуп, 22 инвестициялык долбоор сунушталганын билдирди. Аны менен бирге бир катар көйгөйлөрдү атап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жогору жактарга сунуш берилгени менен, күрөө маселесинен улам орто, ири ишкерлерге фонддун шартына ылайык насыя аз берилип жатканын айтты.

Региондорду өнүктүрүү жылында элдин жашоо-шартын жакшыртуу, негизгиси, айыл чарба, мал чарбачылыгын колго алуу менен асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү боюнча иш жүргүзүү зарыл экенин белгиледи. Мисал катары, мамлекеттин каржысы менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) айыл чарбасын жана рынокту өнүктүрүү программасынын негизинде 47 долбоор сунушталып, 52 млн сомдук 26 долбоор өткөн. Район жетекчилиги, айыл өкмөт башчыларынын аракети менен ушул программа аркылуу Жумгал районунда 6 долбоор өткөнүн билдирди.

Сөз кезеги ишкер Арстан Кадыровго берилип, отурумдун катышуучулары Жумгал районунун туристтик тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн жана өнүгүүнүн тоскоолдуктары жөнүндө маалымат алышты. Анын айтымында туристтерди тейлөөнү критерийлерге жараша бийик стандартка алып келүү жумуштары аткарылууда. Учурда координация болуу максатында «Дестинация Жумгал» аталыштагы бирдиктүү туристтик маалымат түзүлдү. 10 жаңы ат маршруттары, 12 жөө маршрут түзүлүп, эл аралык туристтик картага киргизилген. Көйгөй катары туристтик жолдорду иретке келтирүү, санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу зарылчылыгын айтты. Туристтерди тартуу максатында ар бир жердин өзүнүн уникалдуу продуктун даңазалап, бир күндү болжоо менен фестивалдарды уюштурууну сунуштады. Нарын облусунда кыш узак болгондуктан экстремалдык тоо лыжасынын базасын түзүү планы менен бөлүштү.

Жумгал районундагы «Эмел Суу» ишканасынын директору Элмира Көчөрова кеп кезегинде ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, суроолорго жооп берди. «Эмел Суу» ишканасы РСК банкы аркылуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 3 млн 250 миң сом алып, жабдыктарын жаңырткан. Жаңы жабдуулар жерден чыккан сууну тез муздатууга мүмкүнчүлүк берип, өндүрүү көлөмү эки эсеге көбөйгөн. 8 жумушчу менен күнүнө 5 тоннадан газдалган суу чыгарат. Районду толук камсыздап, Нарын шаарына, Бишкекке жиберүүгө жетишти.

Жумгал районунун акими Адыл Сапаров аткарылып жаткан иштер жана келечектеги пландар менен бөлүштү. Район жетекчисинин маалыматында мамлекеттин 50 млн сомдон ашык акча каражаттары социалдык объектилер, жол ремонтторуна жана башка жумуштарга жумшалса, ал эми донор уюмдары менен 17 млн сом акча сарпталууда. Мындан тышкары, жеке тараптар 20 млн тегерегинде жумуштарды аткарууга даяр. Алар аркылуу май куюучу жай куруу, мини футбол, парк, базардын курулушу жүрөт. Суткасына 1-3 тоннага чейин сүт иштетүүчү завод куруп, октябрь айында ишке киргизүү каралган. Мөмө жемиштерин өстүрүү багытында эксперимент катары отургузуу пландалууда.Трансформация маселеси чечилсе, жердин категориясын которуп, 13 айыл аймактагы 64 га жерди өнөр-жай зонасын курабыз деген ойдо.

Отурумдун жыйынтыгында жогоруда аталган маселелер боюнча талкуудан соң, негизги көйгөй катары, жерди рационалдуу пайдалануу, фонддордун күрөөнүн пайызын азайтып, мөөнөтүн узартуу сунушу менен чечим кабыл алынып, тиешелүү жогорку инстанцияларга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий