• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын ресторанынын жер тилкеси сатылбайт

Коом 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Нарын ресторанынын жер тилкеси сатылбайт. Анын ордуна беш жылдыздуу мейманкана салынат. Бул тууралуу жер тилкесине ээлик кылган «ДеХеКо ЛТД” мекемесинин расмий билдирүүсүндө айтылат.

2017-жылдын 29-июнунда бир катар ММКларда Бишкекте орун алган Нарын ресторанынын жер тилкеси сатылаары боюнча маалымат таркаган.

“Бул билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Жерге 2004-жылы сатып алган «ДеХеКо ЛТД» ээлик кылат. Учурда ал жерде эл аралык стандарттагы беш жылдыздуу мейманкана салуу иш аракеттери көрүлүп жатат”,-деп жазылат маалыматта.

Компаниянын билдирүүсүндө инвестициянын жалпы көлөмү 100 млн АКШ долларды түзөт. Ошондой эле, жаңы обьектинин курулуш иштери жакынкы аралыкта башталат.

Пикир

Оставить комментарий