• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаардык мэриясы пандемия учурунда жардам көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди

Аймак 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. Нарын шаарынын биринчи-вице-мэри Давид Курманов пандемия маалында ыктыярдуу жардам берген жарандарды кабыл алып, материалдык жактан колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, демөөрчүлөргө Нарын шаардык кеңешинин ыраазычылык каттары тапшырылды.

"Пандемиянын күчтүү толкуну маалында ыктыярдуу кызматкерлердин жана демөөрчүлөрдүн тобу түзүлүп, азык-түлүк, дары-дармек алып берүү үчүн каражаттар топтолуп, азык-түлүк жеткирүүчү жаштар жана ийне саюучу медиктер, коргонуу чаралары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жардам берген кайдыгер эмес жарандар көп болгон. Бул кызматтардын бардыгы биз үчүн жакшы колдоо болду", - деди Курманов.

Пикир

Оставить комментарий