• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Нарын шаардык мэриясы таза сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырды

Аймак 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Нарын шаардык мэриясы Нарын суу канал ишканасынын адистери менен биргеликте рейд уюштуруп, ичүүчү сууну дайыма агызып коюп, коромжуга учуратып жаткандарды аныктап, түшүндүрүү иштерин жүргүзуштү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Төш-Булак аймагынын, Ак-Кыя көчөсүнүндөгү суу пайдалануучулар турак жайларынан суу түтүктөрүн чыгарып, таза сууну токтоосуз агызып коюшууда. Муну менен айрым керектөөчүлөргө суунун басымы жетпей калууда. Күнү-түнү таза сууну агызып койгон кардарлар менен жолугушкан кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, буга чейин эскертүү берилип, аны аткарбаган тараптарга карата акт түзүлүп, айып салуу эскертилди.

"Ичүүчү сууну сарамжал пайдалануу тууралуу түшүндүрүү иштери алдыңкы күндөрү да улантылып, эскертүү болгондугуна карабай агызып коюп жаткан жарандарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде акчалай айып салынарын эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий