• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айбек Орозобаев Нарын шаардык суу канал ишканасын жетектемей болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Айбек Орозобаев Нарын шаардык суу канал ишканасына жетекчи болуп дайындалды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев кол койгон.

Мекеменин жаңы жетекчисин мэр Канболот Тутуев эмгек жамаатка тааныштырды.

Нарын суу канал ишканасын буга чейин жетектеп келе жаткан Сарбагыш Эсеналиев өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий