• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаардык милициясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Нарын шаардык милициясы облуста өткөрүлүп жаткан «Камкордук» рейдинин алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын аймагында 2021-жылдын 17-19-ноябрь күндөрү «Камкордук» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп жатканына байланыштуу шаардын борбордук базарында ата-энесине жардам берип, соода кылган 2 (эки) жашы жете элек өспүрүм аныкталды.

Аталган өспүрүмдөр Эмгек кодексинин 91-беренесине ылайык, 14 жаштан тартып жумасына 24 сааттан ашык эмес, 16 жаштан баштап жумасына 36 сааттан ашык эмес иштөөгө укуктуу экендиги түшүндүрүлдү.

Мындан сырткары, дүкөн, кафелерде иштеген, кароосуз калган жана тилемчилик кылган балдарды аныктоо максатында өткөрүлгөн рейдде андай фактылар аныкталган жок.

Иш-чаранын алкагында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө кийим-кече, азык -түлүк жактан жардам көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий