• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын шаардык сотуна карата акыйкатсыз чечими үчүн кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 19.01.18 /Кабар/. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Нарын шаардык соту Дж.А. карата КР Кылмыш кодексинин 305-беренесине (кызматтык укуктарын ашыруу) жана 328-беренесине (акыйкатсыз чечим чыгаруу) ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Аныкталгандай, 2017-жылдын 14-сентябрында Дж.А. жол кыймылынын эрежесин бузуунун натыйжасында адамдардын өлүмү боюнча кылмыш ишин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө К.Р. аттуу жаранга карата шарттуу түдө 3 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок, ошол эле күнү бул иш боюнча жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрү А.Т., А.М., Ж.Т., А.Б. аттуу жарандарга карата соттун эскертүүлөрүнө көңүл бурбоо жана мамлекеттик айыптоочунун, соттордун сөзүн бөлүү үчүн сотко карата сый көрсөтпөө жөнүндө токтом чыгарылып, ар бирине 10 миң сомдон айып салынган.

Башкача айтканда, көрсөтүлгөн сот мындай шартта зарыл болгон тергөө аракеттерисиз кылмыш ишин козгобостон, өзүнүн соттук актысы менен А.Т., А.М., Ж.Т. жана А.Б. мыйзамдуу өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тарткан.

Нарын шаардык прокуратурасы тарабынан сот Дж.А. нын токтомун даттануунун натыйжасында Нарын облусу боюнча кылмыш жана административдик иштер боюнча соттук коллегиянын аныктамасы менен, токтом негизсиз жана мыйзамсыз катары жокко чыгарылган.

Учурда кылмыш иши компетенттүү укук коргоо органдарына тергөө үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий