• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Батукаевдин иши: Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясына карата сотко чейинки өндүрүш баштады

Коом 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Башкы прокуратура Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш ишти баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Эрматов судья болуп иштеп жатканда, 2013-жылдын 9-апрелинде №24 тергөө абагынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу тууралуу көрсөтмөсүн караган.

Судья Батукаевдин ооруганы тууралуу материалдарын текшербей туруп канааттандырып, анын Кыргызстандын чыгып кетишине шарт түзгөн.

Мыйзам боюнча, мындай көрсөтмөнү тергөө абагынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу эмес, жетекчиси өзү гана сотко кайрыла алат. Сот өз учурунда бул материалдарды кароого албаш керек эле.

Эрматовго каршы материалдар 335-берене (Калыс эмес өкүм же башка соттук акт чыгаруу), 319-берене (Коррупция) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылды.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон. Бирок, 2013-жылы Азиз Батукаевге ак кандуулук диагнозу коюлган. Ал оор дартка чалдыккан деген тыянактын негизинде сот аны камактан мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Ал камактан чыккандан кийин "Манас" аэропортуна келип, Россиянын Грозный шаарына (Чечня) жеке учак менен учуп кеткен.

Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий