• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нарын шаардык транспорт ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Нарын шаардык транспорт ишканасынын башчысы болуп Темирбек Бакирдинов дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Тиешелүү буйрукка Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев кол койгон.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатка тааныштырган шаар мэри Канболот Тутуев Темирбек Бакирдинов мекемени өнүктүрөт деп ишенерин айтып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Мекеменин буга чейинки жетекчиси Даниал Өмүрбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өз арызынын негизинде бошотулган.

Бакирдинов Темирбек Жеңишбекович 1990-жылы төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Ал буга чейин Нарын шаардык транспорт ишканасынын башчысынын орун басары кызматын аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий