• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаарына жылуулук бериле баштады

Аймак 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Нарын шаарына жылууулук берүү ишканасы тарабынан жылуулук бериле баштады, - деп билдирет Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси күз-кыш жылытуу маалын баштап, от жага баштады.

"Учурда аталган ишкананын карамагындагы от казандар толугу менен иштетилип жатат. Ошол эле учурда аталган мекемеге көмүр тартуу иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө көмүрдүн кору 1788, 32 тоннаны түзөт. Ал эми шаар калкын камсыздоо иштери да улантылып, жалпы 3 миң тоннадай кара алтын топ базаларда сатыкта турат. Өкмөт көмүрдүн баасына чектөө киргизүү менен Нарын шаарында көмүрдүн тоннасын 4 миң сомдон ашырбай, таразага тартып сатууну бекитип, аны көзөмөлдөөнү монополияга каршы мамлекеттик агенттигине тапшырган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий