• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаарына туристтик маалымат борбору курулат

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Нарын облусунун жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси менен жакында Нарын шаарына туристтик маалымат борбору курулат. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайыу, бул үчүн «64» аймагындагы жаңы түптөлгөн сейил бактын жанынан жер аянты бөлүнүп, учурда курулушту пландоо иштери жүрүп жатат.

Курулуш долбоору даяр, республикалык бюджеттен каржыланат.

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев бүгүн Нарын шаарынын эли менен жолугушуудан кийин шаар мэри менен бирге маалымат борбору курула турган жерди көрүп, архитектура, жылуулук берүү, телеком, муниципал жана башка ишканалардын жетекчилери менен курулушту пландады.

Пикир

Оставить комментарий