• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын шаарында 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Аймак 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Нарын шаарында 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул боюнча Нарын шаардык мэриясынын тиешелүү буйругу чыкты.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Нарын райондор аралык жылуулук менен камыздоо өндүрүштүк бирикмесине калкка үзгүлтүксүз жылуулук берүүнү баштоо тапшырмасы берилди.

Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинде 20 от кана бар. Алардын ичинен 16 электр, 4 көмүр менен иштейт. Жалры 103 көп кабаттуу, 49 менчик үйдү жана 21 бюджеттик мекемени жылуулук менен камсыз кылат.

Жалпы 2 миң 136 абонент жана 9 миң 382 метр жылуулук трассасын тейлейт. Бүгүнкү күндө ишканада 1 миң 624 тонна көмүр отуну бар.

Пикир

Оставить комментарий