• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарын шаарында коронавирус жуктургандар менен 279 адам байланышта болгон – мэр

Аймак 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Нарын шаарында коронавирус жуктургандар менен 279 адам байланышта болгон. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров билдирди.

"Учурда изолятордо 57 адам, ооруканада түзүлгөн обсервацияларда 23 адам жатат. Мэрия, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулган обсервацияларда 16 адам жатат. Изоляцияда жаткан адамдар менен байланышта болгон адамдардын саны 279ду түзөт. Алар үй карантинине алынган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий