• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаарында 5 чакырым ички ирригациялык тутумдар оңдолот

Аймак 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Жашылдандыруу иштеринин алкагында Нарын шаарындагы 5 чакырым ички ирригациялык тутумдар оңдолот. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын аймагында декаративдик жашыл арчанын жана көк карагайдын жүздөгөн көчөттөрү отургузулат.

"Учурда көчөттөрдү шаар аймагына отургузуу планынын алкагында мерчемдүү аймактарга орундуктары казылып даярдалууда. Бул иштердин аткарылышы жана оңдоону талап кылган ирригация тутумдары менен Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусов баштаган комиссия таанышып, оңдоо иштерин баштоону талкуулады", - деп айтылат билдирүүдө.

Шаардык мэриянын маалымат кызматынан кошумчалашкандай, быйылкы жазда 5 чакырым ички арыктар оңдолуп, отургузулган көчөттөргө сугат суу жеткирилет.

Пикир

Оставить комментарий