• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак үйлөр белек кылынды

Аймак 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Нарын шаарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак үйлөр белек кылынды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардагы орто мектептердин 2012-жылкы бүтүрүүчүлөрү тарабынан аз камсыз 5 үй-бүлөгө жана 1977-жылдан 1998-жылга чейинки бүтүрүүчүлөрдөн 4 үй-бүлөгө, жалпы 9 үй-бүлөгө турак үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды.

Эске салсак, өткөн жылы дагы бир көзү азиз жаранга үй алып берилген эле.

Нарын шаарындагы "Ала Тоо" стадионунда өткөрүлгөн үйдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасына облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев катышып, айкөлдүк менен сооп иш жасап жаткан жаштардын ынтымагына Нарын облусунун элинин жана өзүнүн атынан терең ыраазычылык билдирди. Демилгелүү муундардын өкүлдөрүнө жакшы тилегин жолдоп, Ыраазычылык каттарын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий