• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын шаарында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Нарын шаарынын Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтында бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү белгиленди. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарада облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору тарабынан жарыяланган конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, сергек жашоого чакырган флешмоб менен коштолду.

Ошондой эле аталган илдеттен сактануу жана дарылануу боюнча маалыматтар берилип, атайын баракчалар таратылды.

Иш-чарага катышкан Нарын шаарынын веце-мэри Назира Жумакадырова кургак учукка каршы күрөшүү иш чарадарына активдүү катышкан дарыгер, медайымдарга ыктыярчыларга ыраазычылык билдирип, жарандарды сергек жашоо оборазын карманууга чакырды.

Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган акциянын алкагында илдеттин жугуу жолдору боюнча да маалыматтар айтылып, кайрылган жарандарды атайын жабдуулар жана дартты тез аныктоочу ыкмаларды колдонуу менен текшерүүдөн өткөрүштү.

Пикир

Оставить комментарий