• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын шаарында берүүлөрдүн үч пакетинен 19 телеканал көрсөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Облустун борбору Нарын шаарында 19 телеканалды санариптен көрүүгө болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова 2017-жылдын 13-мартында санариптик телеберүүгө өтүү маселелери боюнча муниципалдык бийликтин өкүлдөрү, Нарын шаарынын жогорку жана орто окуу жайларында билим алып жатышкан студенттер менен өткөн жолугушууда билдирди.

Нарын шаарындагы радиорелейлик станциялардын Чыгыш башкармалыгынын маалыматтарына караганда, Социалдык пакетке 12 телеканал кирген, РПО РМТР жана «Цифровые технологии» ЖЧКнын коомерциялык пакеттеринде – 9 телеканал бар. Облустун борбору Нарын шаарындагы телекөрүүчүлөр санариптик телеберүүгө кошулгандан кийин КТРК, ЭлТР, 5 канал, Пирамида, МИР, КТРК Спорт, Музтв КТР, Ала-Тоо 24, Маданият, Баластан, Илим жана Билим, НарынТВ, ОРТ, РТР, НТС, Санат, ТумарТВ, Кыргызтв жана Билимтв сыяктуу телеканалдарды мыкты сапатта көрө алышат.

Жолугушууда мамлекеттик органдардын жетекчилери студенттерге жана шаардыктарга 2017-жылдын 15-майынан тарта аналогдук телеберүү өчүрүлө турганын маалымдашты жана санариптик телеберүүнү үйдө көрүү үчүн кайсы стандарттагы телевизорлорду жана приставкаларды сатып алууну, ошондой эле антеннаны кантип туура орнотууну түшүндүрүп беришти.

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Сурановдун айтымында, бүгүнкү күндө шаарда 9013 кожолук бар, аларда 34 822 адам жашайт. Алардын ичинен ушул жылдын март айынын башталышына карата санариптик телеберүү кызматынан 6 248 кожолук пайдаланууда. Ошону менен бирге шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы тоо этектеринде жашаган дагы 263 кожолукту санарипке кошуу маселесин чечүү керек экенин вице-мэр белгилеп кетти.

РПО РМТР ишканасынын техникалык директору Улан Жумакеев санариптик телеберүүнүн сигналы аталган үйлөр жайгашкан жерде болбой жатканын алардын “көмүскө аймак” деп аталган далдаа жерлерде жайгашканы менен түшүндүрдү. Бирок, Улан Жумакеевдин айтымында, алардын саны РПО РМТРдын адистери аталган участкада антенналардын туура орнотулганын текшерип чыккандан кийин кыйла кыскарат.

Ал эми калган тургундар менен алардын спутниктик телеберүүгө өтүүсү боюнча иштерди жүргүзүү зарыл. Мында учурда азырынча 6 гана телеканал бар, апрелден тарта Социалдык пакеттеги телеканалдар көрсөтө баштайт.

Маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жана активисттерге аналогдук көрсөтүүнүн өчүрүлөрү туурасында министрликтин буйрутмасы боюнча даярдалган жана Кыргызпочтасы ишканасы аркылуу анын шаардагы филилалына жеткирилип жаткан маалыматтык-рекламалык материалдарды таратуу аркылуу кабардар кылуу иштерин күчөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий