• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Нарын шаарында дем алыш күнү азык-түлүк жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Нарын шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманке үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта саат 10:00дөн 14:00гө чейин азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт.

Бул иш-чара облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси менен азык-түлүк бааларынын негизсиз көтөрүлүшүн жөнгө салуу максатында уюштурулууда.

"Жарманкеге келип керектүү азык-түлүктөрдү дүң баасында сатып алсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий