• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын шаарында энелерди куттукташты

Аймак 0

Бишкек, 20-май /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Энелердин күнүндө Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов энелерди үйлөрүн кыдырып куттуктады.

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов жана шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов, баатыр энелер К. Асанованын, К. Бейшембиеванын, С.Абакированын үйлөрүндө болуп, ал акыбалы менен таанышышып, Энелердин майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Ошондой эле, аларга белектерин тапшырып, үйдүн куту, турмуштун туткасы болгон апаларга ден соолук, узун өмүр, дөөлөттүү каарылык каалашты.

Белгилей кетсек, 22-майда Нарын шаарынын Жаштар Ордосунда Нарын шаардык мэриясы тарабынан атайын Энелер күнүнө карата шаардагы 300 дөн ашык баатыр энелер үчүн иш чара өткөрүлүп, белектер тартууланат.

Иш чараны уюштуруп өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий