• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаарында эртең-бүрсүгүнү жалпы ишембилик өткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Нарын шаардык мэриясы шаар аймагындагы күзгү жалбырактарды жана таштандыларды жыйноо максатында 22-23-октябрь күндөрү жалпы ишембилик өткөрөт.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул күнү мекеме-ишкана жамааттары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарын тазалашат.

"Урматтуу шаарыбыздын тургундары күзгү жалпы ишембиликке жигердүү катышып, шаарыбызды таштандыдан арылтууга чыгыңыздар. Ал эми көп кабаттуу турак жай жана жеке турак жай жашоочуларын ишембиликке кайдыгер карабай өз айлана чөйрөнүздөрдү жыйнап, тазалоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий