• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаарында ички ирригацияны оңдоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Нарын шаарында ички ирригацияны оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чоң Нарын каналынан алынган сугат суусун Нарын шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүнөн Сагынбай Орозбаков көчөсүнө жеткирүү, андан Шуллер көчөсү аркылуу агызуу планы ишке ашууда.

"Арыктардын нугу тазаланып, айрымдары жаңы казылып, учурда Шуллер көчөсү латокторду коюуга даярдалууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев ички арыктарды оңдоо иштерин жеринде көрүп чыгып, шаардагы арыктарды толук ондоп, суу агызыларын айтып, алдыда дагы 3 чакырымга чейинки арыктар тазаланарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий