• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын шаарында үймө-үй кыдыруунун жүрүшүндө 2 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жана зомбулукка кабылган балдарды аныктап табуу максатында Нарын шаарынын аймагындагы 8 миң 133 үй кыдырылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь-февраль айларында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана балдарга карата жасалган ырайымсыз мамилелерге бөгөт коюу максатында уюштурулган үймө-үй кыдырууда Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын соцкызматкерлери, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору, соцпедагогдор, аймак башчылары, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунан өкүлдөр катышты.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандарды табуу аракетинин натыйжасында 158 мигранттын балдары каттоого алынып, 2 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы аныкталды.

Ырайымсыз мамилеге кабылган балдар аныкталган жок. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок 3 өспүрүм катталды. 252 ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын жашоо турмуштарынан кабар алынды.

Кыдыруунун алкагында ата-энелерге зордук-зомбулукка жол бербөө тууралуу тушүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тийиштүү маалыматтар берилди.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий