• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын шаарында көчөлөрдү кардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Нарын шаарында кар көп топтолгон көчөлөрдү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Быйыл кышта кар калың түшкөндүгүнө байланыштуу, шаардын көчөлөрүндө кар көп топтолуп калктын жана транспорттун кыймылына ыңгайсыздыктар жаралып, ошондой эле күн жылый баштагандыктан турак-үйлөрдү суу каптоо коркунучу пайда болууда.

Суу каптоонун алдын алуу максатында, кар көп топтолгон шаардын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн Нарын шаардык мэриясы облустук, шаардык мекеме, ишканалардын техникаларын уюштуруп, кар чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий