• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын шаарында күндүзгү стационарлар иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Нарын шаарында 6-июлдан тартып күндүзгү стационарлар ачылып, иштей баштады.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаардагы 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда күндүзгү стационарлар уюштурулуп, аларда 50 койка иштеп жатат.

Шаардык мэрия тарабынан учурда дагы 50 койка даярдалууда. Мындан сырткары, ар кандай кырдаалга даяр болуу максатында кошумча койкаларды уюштуруу үчүн ылайыктуу имараттар каралууда.

Пикир

Оставить комментарий