• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын шаарында карагайлар отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 15-апрель /Кабар/. Нарын шаарында жарыяланган үч айлыктын алкагында бүгүн, 15-апрелде Нарын шаарынын “64”, “Жаңы-Жол” аймактарына Тянь-Шань карагайлары отургузулду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, экология фондусу тарабынан берилген 150 Тянь-Шань карагайлары шаардын “64” аймагындагы көпүрөнүн үстүнө, шаардын кире бериши болгон “Жаңы-Жол” аймагына жана бала бакчалардын имараттарынын тегеретесине отургузулду.

Шаардагы бак-дарактардын аянтын көбөйтүү боюнча иш-чарага облус башчысы А.Кайыпов, шаар мэри Э.Алымкулов, шаардын депутаттары, мекеме, ишканалардын жетекчилери катышышты.

Нарын шаарынын калктуу конуштарын тазалоо иштери үч ай бою улантылып, үч айлыктын жүрүшүндө короолорду тазалоо, бак-дарактарды отургузуу, гүл өстүрүү жана башка акциялар өткөрүлөт.

Ошондой эле көп-кабаттуу турак-жай имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү, көчөлөрдү түнкү жарыктандыруу, калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу боюнча иштер пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий